МАНАС ШААРЫНДА ТАШТАНДЫНЫ КАЙРА ИШТЕТКЕН ЦЕХ АЧЫЛДЫ

30.11.2025  09:53

3

МАНАС ШААРЫНДА ТАШТАНДЫНЫ КАЙРА ИШТЕТКЕН ЦЕХ АЧЫЛДЫ

 Манас шаарында таштандыны иргеп, кайра иштетүүгө даярдоочу заводдун базасында, желим түтүктөрдү өндүрүүчү жаңы цех ачылды.

 Ачылуу аземине Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, коммуналдык мекемелердин жетекчилери, тазалык мекемесинин жумушчулары катышты.

 Шаар башчысы цехтин ишмердүүлүгү менен таанышып, таштандыны кайра иштетүүчү заводдун базасында мындан башка да өндүрүштүк цехтерди уюштуруу боюнча тапшырмаларды берди. Ошондой эле таштандыны кайра иштетүүчү заводду мындан ары да өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

 Учурда аталган цехте 15 диаметрден 110 диаметрге чейинки желим түтүктөр өндүрүлүп жатат. Цех күн сайын 2000 метрге чейин түтүк чыгара алат.

 Белгилей кетсек, Манас шаарынын таштанды полигонундагы таштандыларды иргеп, кайра иштетүүгө даярдоочу завод 2023-жылы шаарды өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен 133 млн. сомго курулган.

 Завод мамлекеттик жеке өнөктөштүк мыйзамы аркылуу жеке ишкерлерге берилип, алар өз каражаты менен заводдун жанына иргелип, кайра иштетүүгө даярдалган сырьёдон желим түтүктөрдү өндүрүүчү цех куруп, ишке киргизди. Ал үчүн 15 млн. сомдой каражат жумшалды.