МАНАС ШААРЫНДА СҮРӨТ ӨНӨРҮН ДАҢАЗАЛАГАН ФЕСТИВАЛЬ ӨТТҮ

07.04.2026  14:30

7

МАНАС ШААРЫНДА СҮРӨТ ӨНӨРҮН ДАҢАЗАЛАГАН ФЕСТИВАЛЬ ӨТТҮ

Бүгүн, 7-апрель күнү Манас шаарында “ARTүрдүүлүк: чыгармачыл лабораториясы” долбоорунун алкагында маданий фестиваль өтүп, анда сүрөтчүлөрдүн акыркы үч күн ичинде жараткан эмгектеринин көргөзмөсү тартууланды.

 Иш-чара Академик Т. Садыков атындагы Республикалык көркөм сүрөт мектебинде өтүп, ага Манас шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Нурбек Караев, маданият өкүлдөрү, сүрөтчүлөр, шаар тургундары жана искусство сүйүүчүлөрү катышты.

“ARTүрдүүлүк: чыгармачыл лабораториясы” Ош облустук көркөм сүрөт музейи тарабынан БУУнун Өнүктүрүү Программасы (ПРООН) менен биргеликте ишке ашырылууда. Ага ылайык, 4-апрелден тарта өлкөнүн булуң-бурчунан келген сүрөтчүлөр Ош – Өзгөн – Манас – Арстанбап багыты боюнча саякаттап, ачык асман алдында (плэнер) уникалдуу эмгектерди жаратышкан. Сүрөттөр бүгүн фестивалда көрүүчүлөргө тартууланды.

Иш-чаранын негизги максаты — аймактардын маданий көп түрдүүлүгүн даңазалоо, чыгармачыл байланышты чыңдоо жана ички туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү.