Манас шаарында социалдык колдоо иш-чарасы өттү

14.04.2025  15:00

1

Манас шаарында социалдык колдоо иш-чарасы өттү

Манас шаарында социалдык колдоо иш-чарасы өттү

”Эмират” кайрымдуулук уюмунун Кыргызстандагы филиалы Манас шаарынын мэриясы менен биргеликте кайрымдуулук акциясын өткөрдү.

Анын алкагында шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында каттоодо турган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү.

Иш-чаранын максаты — муктаж жарандарды колдоо жана алардын социалдык абалын жакшыртууга көмөк көрсөтүү.