МАНАС ШААРЫНДА СЕЛДИН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА

26.05.2026  14:03

6

МАНАС ШААРЫНДА СЕЛДИН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА

Манас шаарынын мэриясында мэрдин биринчи орун басары Дамирбек Давлянов тиешелүү мекеме жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Жыйынга Манас шаардык кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу баштаган депутаттар да катышты.

Анда шаарда сел кырдаалына байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаал режими жана селдин алдын алуу чаралары талкууланды. Анын ичинде сел каналдарынын көлөмүн чоңойтуу, мыйзамсыз курулуштарды алуу жана кооптуу аймактарды иретке келтирүү маселелери каралды.

Ошондой эле "Холодный ключ" аймагындагы сел сууларын жөнгө салуучу жайдын бузулган тосмосун калыбына келтирүү жана түбүн бетондоо маселеси көтөрүлдү. Дача аймагындагы Нагорный көчөсүндө сел арыгынын үстүнө курулган объектилер да селдин себептеринин бири экени белгиленди.

Манас шаардык кеңеши селдин алдын алуу боюнча долбоорлорду каржылоого колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жыйында тиешелүү мекемелерге селдин кесепеттерин алдын алуу жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.