Манас шаарында өтүп жаткан “Кыялымдагы Кыргызстан: Жалал-Абад – 2026” жаштар форумунун экинчи бөлүгү жана жыйынтыктоочу иш-чарасы “Азаттык” аянтында жогорку деңгээлде өтүүдө
09.04.2026 15:49
6
Манас шаарында өтүп жаткан “Кыялымдагы Кыргызстан: Жалал-Абад – 2026” жаштар форумунун экинчи бөлүгү жана жыйынтыктоочу иш-чарасы “Азаттык” аянтында жогорку деңгээлде өтүүдө.
Ири масштабдагы форумга Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, КРнын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, “Кыргызстан жаштар кыймылынын” төрагасы Жакшылык Бекназаров, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, коомдук жана диний ишмерлер, ошондой эле облус аймагынан келген жаштар жана тургундар катышты.
Программага ылайык иш-чара расмий куттуктоо сөздөрү менен башталып, андан соң ар тармактагы спикерлердин тажрыйба бөлүшүүсү, мотивациялык баяндамалары менен уланды.
Учурда иш-чара белгилүү ырчылардын концерттик программасы жана жарманке менен коштолууда.
Кошумчалай кетсек, 8–9-апрель күндөрү Манас шаарында “Кыялымдагы Кыргызстан: Жалал-Абад – 2026” аталышындагы масштабдуу жаштар форуму өтүп, анын алкагында спорттук, интеллектуалдык, маданий жана билим берүү багытындагы бир катар иш-чаралар ийгиликтүү уюштурулду.