МАНАС ШААРЫНДА ОРОЗО АЙТ НАМАЗЫ МЕЧИТТЕРДЕ ОКУЛДУ

20.03.2026  09:30

9

МАНАС ШААРЫНДА ОРОЗО АЙТ НАМАЗЫ МЕЧИТТЕРДЕ ОКУЛДУ

 20-март күнү Манас шаарындагы жума намазы окулуучу мечиттерде Орозо Айт намазы жамаат менен окулду.

Иш-чарага Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, шаардык кеңештин төрагасы Аскат Талант уулу катышып, шаар тургундары жана коноктору менен бирге “Аалым Мусулманкул ажы” мечитинде Айт намазын окушту.

Анда шаар мэри жалпы мусулмандарды ыйык Орозо Айт майрамы менен куттуктап, өлкөдө тынчтык, эл арасында ынтымак жана бакубат жашоо каалады.