МАНАС ШААРЫНДА ОКУУЧУЛАРДЫН ПРЕДМЕТТИК ОЛИМПИАДАСЫ ӨТҮП ЖАТАТ
11.02.2026 17:16
4
МАНАС ШААРЫНДА ОКУУЧУЛАРДЫН ПРЕДМЕТТИК ОЛИМПИАДАСЫ ӨТҮП ЖАТАТ
Манас шаарындагы Б. Осмонов атындагы №5 орто мектепте мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын экинчи (аймактык/шаардык) туру башталды.
Бул билим таймашына шаардагы бардык мектептерден жалпы 593 окуучу катышып, өз билим деңгээлин сынашууда.
Олимпиаданын ачылыш аземине Манас шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова катышып, окуучуларга ийгилик каалады. Ал өз сөзүндө билимдүү жаштар – өлкөнүн келечеги экенин белгилеп, окуучуларды талыкпай изденүүгө жана мыкты жыйынтыктарды көрсөтүүгө чакырды.
Экинчи турдун жыйынтыгында жеңүүчүлөр облустук жана республикалык деңгээлдеги кийинки баскычка жолдомо алышат.