МАНАС ШААРЫНДА МЕКТЕП БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНӨ АКЫРКЫ КОҢГУРОО КАГЫЛДЫ

29.05.2026  09:30

4

МАНАС ШААРЫНДА МЕКТЕП БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНӨ АКЫРКЫ КОҢГУРОО КАГЫЛДЫ

Бүгүн Манас шаарынын мэринин биринчи орун басары Дамирбек Давлянов М.Бабкин атындагы №1 мектепте өткөн бүтүрүүчүлөрдүн “Акыркы коңгуроо” салтанатына катышты. Ал бүтүрүүчүлөрдү окуу жылынын ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, келечекте татыктуу кесип ээси болуп, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууга чакырды.

📌 Майрамдык иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Исламбек Увайдиллаев, Манас шаардык кеңешинин депутаты Бегимай Борубаева, билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, мугалимдер жана ата-энелер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар жана бүтүрүүчүлөр тарабынан ыр-бийлер аткарылып, чакан концерттик программа тартууланды.

📍 Белгилей кетсек, быйыл Манас шаарында жалпы 1767 окуучу 11-классты, ал эми 4128 окуучу 9-классты аяктап жатат.