МАНАС ШААРЫНДА МАССАЛЫК ИШЕМБИЛИК ӨТҮП, КУРОРТ ТОКОЮ ТАЗАЛАНДЫ
28.03.2026 15:25
10
Бүгүн, 28-мартта Манас шаарындагы фольклордук талаада массалык ишембилик өткөрүлдү.
Ага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов жана орун басарлары, шаардык кеңештин төрагасы Аскат Талант уулу, мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери жана жаштар катышты.
Ишембиликтин алкагында фольклордук талаасы, курорт токоюнун аймагы, “Манас” стеласынын айланасы тазаланып, иретке келтирилди.
Андан соң Манас шаардык кеңешинин демөөрчүлүгү менен ишембиликке катышкан жаштарга ысык тамак уюштурулду. Мындан сырткары,жергиликтүү ишкерлер “Двойнящки” кондитердик цехи жана “Келечек” фирмасы тарабынан суусундук, пиццалар берилди.
Белгилей кетсек, Манас шаарынын мэринин буйругу менен 14-марттан 16-майга чейин шаар аймагында тазалык жана көрктөндүрүү боюнча ишембилик жарыяланган. Анын алкагында көчөлөр, коомдук жайлар, парктар, скверлер иретке келтирилип, көчөттөр тигилет.