МАНАС ШААРЫНДА МАССАЛЫК ИШЕМБИЛИК ӨТКӨРҮЛДҮ

14.03.2026  09:12

5

МАНАС ШААРЫНДА МАССАЛЫК ИШЕМБИЛИК ӨТКӨРҮЛДҮ

МАНАС ШААРЫНДА МАССАЛЫК ИШЕМБИЛИК ӨТКӨРҮЛДҮ

Манас шаарында айлана-чөйрөнү тазалоо жана шаарды көрктөндүрүү максатында массалык ишембилик өткөрүлдү.

Ишембиликке Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, мэрдин орун басарлары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.

Шаар башчысы шаардын кире беришиндеги “Курманбек – кылымдар мурасы” триумфалдык аркасында, Т.Байзаков атындагы эс алуу паркында жана “Манас” стеласынын айланасында жүргүзүлгөн тазалоо иштерине катышып, ал менен катар муниципалдык балдар оюн-зоок борборунун жана кинотеатрдын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ал өз сөзүндө айлана-чөйрөнү тазалоо жана калааны көрктөндүрүү маанилүү экенин белгилеп, шаар тургундарын жана мекеме-ишканалардын кызматкерлерин ишембиликтерге активдүү катышууга чакырды.

Ишембиликтин алкагында шаар мэри “Достук” паркында болуп, көчөт отургузуу иш-чарасына катышты.

📌 Белгилей кетсек, Манас шаарынын мэринин буйругу менен 14-марттан 16-майга чейин шаар аймагында тазалык жана көрктөндүрүү боюнча ишембилик жарыяланган. Анын алкагында көчөлөр, коомдук жайлар, парктар, скверлер иретке келтирилип, көчөттөр тиги