МАНАС ШААРЫНДА МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
03.03.2026 15:20
8
Бүгүн, 3-мартта, Манас шаарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынганынын 34 жылдыгы салтанаттуу түрдө белгиленди.
Иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Болотов, шаар тургундары, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, студенттер катышышты.
Майрамдык иш-чара "Манас" стеласындагы мамлекеттик тууну көтөрүү аземи менен башталды.
Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов өз куттуктоо сөзүндө мамлекеттик туу – элибиздин тарыхын, эркиндигин жана келечекке болгон ишенимин чагылдырган ыйык белги экенин белгилеп, шаар тургундарын мекенчилдикке, биримдикке чакырды. Ошондой эле, шаар тургундарын туу күнү менен катар 5-март - Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен да куттуктады.
Белгилей кетсек, 3-март – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу кабыл алынган күн. Быйыл мамлекеттик туунунун кабыл алынгандыгына 34 жыл толду.