Манас шаарында КР Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен курулуп жаткан 6 мектептин курулуш иштери көзөмөлдөндү. Шаар мэринин орун басары Миргүл Эгемова жана Манас шаардык кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу курулуш объектилерин кыдырып, иштердин ж

15.04.2026  20:26

35

Манас шаарында КР Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен курулуп жаткан 6 мектептин курулуш иштери көзөмөлдөндү. Шаар мэринин орун басары Миргүл Эгемова жана Манас шаардык кеңешинин төрагасы Аскат Талант уулу курулуш объектилерин кыдырып, иштердин жүрүшү менен жеринде таанышышты.

Белгиленгендей, бул долбоорлор Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Учурда 6 мектепте курулуш иштери активдүү жүрүп, белгиленген графикке ылайык иш алып барышууда.

Жаңы билим берүү мекемелери заманбап талаптарга жооп берген шартта курулуп, 2026–2027-жаңы окуу жылына пайдаланууга берүү пландалууда. Бул мектептердин ачылышы шаардагы билим берүү инфраструктурасын жакшыртып, окуучулар үчүн сапаттуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.