МАНАС ШААРЫНДА КОММУНАЛДЫК ЧАРБА КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ
19.03.2026 12:35
7
19-мартта Манас шаарында коммуналдык чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Куттуктоо жыйынына шаар мэри Абдупата Маткаликов, шаардык кеңештин төрагасы Аскат Талант уулу, коммуналдык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.
Анда калаа башчысы майрам ээлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, шаардын коммуналдык чарбасын тейлеген мекемелердин жумушу түйшүктүү экендигин белгилеп, ар бир кызматкерге ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалады. Ошондой эле жергиликтүү бийлик тарабынан бул тармакка ар дайым көңүл бурулуп, шарттарды жакшыртуу, эмгек шарттарын жеңилдетүү багытында иштер улантыларын кошумчалады.
Иш-чарада аталган тармакта үзүрлүү эмгектенген кызматкерлер Манас шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары, Ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты. Ошондой эле кызматкерлер үчүн “Galaxy cinema” кинотеатрына билеттер тапшырылды.
Белгилей кетсек, жыл сайын март айынын үчүнчү жекшембисинде Кыргыз Республикасынын турак жай жана коммуналдык чарба кызматкерлеринин күнү белгиленет.