МАНАС ШААРЫНДА ИРИ ЖАШТАР ФОРУМУ ӨТҮҮДӨ

09.04.2026  12:30

4

МАНАС ШААРЫНДА ИРИ ЖАШТАР ФОРУМУ ӨТҮҮДӨ

Бүгүн Манас шаарында “Кыялымдагы Кыргызстан: Жалал-Абад – 2026” жаштар форуму өтүп жатат.

Форумдун ачылуу иш-чарасына Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урмат Самаев, Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, шаардык кеңештин төрагасы Аскат Талант уулу, “Кыргызстан жаштар кыймылынын” төрагасы Жакшылык Бекназаров, жеке ишкерлер, жаштар катышты.

Мэр калаада өтүп жаткан ири форумдун ачылышы менен куттуктап, Манас шаары жаштарга ыңгайлуу, заманбап шаар болуп өнүгүп жатканын белгилеп, жергиликтүү бийлик жаштардын демилгелерин ар дайым колдоого даяр экенин билдирди. Ошондой эле форум ийгиликтүү өтүп, өлкөнүн өнүгүшүнө пайдалуу жыйынтыктар чыгарына ишеним артты.

Форум белгилүү ири компанияларда иштеп келген жана учурда да ийгиликтүү эмгектенип жаткан жаш лидерлердин семинарлары менен коштолууда. Алар өздөрүнүн тажрыйбасы, жетишкендиктери жана кыйынчылыктарды жеңүү жолдору менен бөлүшүп, катышуучуларга мотивация берип, келечектеги мүмкүнчүлүктөр тууралуу пайдалуу кеңештерди сунушташууда.

📌Мындан тышкары, форумдун алкагында чоң жыйындар залында жаш ишкерлер үчүн бизнес форум да уюштурулуп жатат.