МАНАС ШААРЫНДА ЭРТЕ НИКЕНИН ТЕРС КЕСЕПЕТТЕРИНЕ АРНАЛГАН МААЛЫМАТТЫК ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

27.02.2026  10:00

9

МАНАС ШААРЫНДА ЭРТЕ НИКЕНИН ТЕРС КЕСЕПЕТТЕРИНЕ АРНАЛГАН МААЛЫМАТТЫК ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Жолугушууга Манас шаарынын мэринин орун басары Гулбарчын Таштанбекова, шаар прокурорунун орун басары Асан Биялиев, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү, психолог, дарыгерлер, ШИИБдин жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн инспекторлору, ата-энелер жана студенттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө адистер эрте никенин ден соолукка, билим алууга, жеке өнүгүүгө жана мыйзамдык жоопкерчиликке тийгизген таасири тууралуу кеңири маалымат беришти.

Катышуучуларга жаштарды билим алууга, өз алдынча жана жоопкерчиликтүү чечим кабыл алууга чакырыктар айтылды.

Мындан тышкары, мектеп окуучулары тарабынан эрте никеге туруунун кесепеттерин чагылдырган сахналык көрүнүш тартууланып, жыйындын мазмунун тереңдетти.

 Иш-чаранын негизги максаты – жаштар жана калк арасында эрте никеге туруунун терс таасирлери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу, адам укуктарын урматтоо жана жоопкерчиликтүү үй-бүлөлүк мамиле маданиятын калыптандыруу болуп саналат.