МАНАС ШААРЫНДА ЭЛ МЕНЕН АЧЫК ЖОЛУГУШУУ ӨТҮҮДӨ

21.05.2026  11:30

11

МАНАС ШААРЫНДА ЭЛ МЕНЕН АЧЫК ЖОЛУГУШУУ ӨТҮҮДӨ

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Манас шаарынын тургундары менен ачык форматтагы жолугушуу өткөрүүдө.

Жолугушууга облустук жана шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, тиешелүү тармактардын өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышып, жалпы 500дөн ашык адам чогулду. Иш-чаранын жүрүшүндө 200дөн ашык жаран көйгөй-маселелерин көтөрүп чыгуу үчүн сөз сүйлөөгө жазылган.

Тургундар тарабынан жеке маселелер менен катар социалдык, инфраструктуралык, коммуналдык тармактарга байланышкан көйгөйлөр айтылып, тиешелүү жетекчилер тарабынан жооптор жана түшүндүрмөлөр берилүүдө.