МАНАС ШААРЫНДА ЭЛ АРАЛЫК “XVII КИТЕП FEST–2026” КИТЕП ФЕСТИВАЛЫ ӨТТҮ
23.04.2026 11:45
8
МАНАС ШААРЫНДА ЭЛ АРАЛЫК “XVII КИТЕП FEST–2026” КИТЕП ФЕСТИВАЛЫ ӨТТҮ
Бүгүн Манас шаарынын мэриясында жайгашкан Жалал-Абад облустук китепканасынын 100 жылдык мааракесине жана 23-апрель – Эл аралык китеп күнүнө карата Эл аралык “XVII Китеп FEST–2026” китеп фестивалы болуп өттү.
Иш-чарага облус башчысы Тилек Текебаев, шаар мэринин орун басары Кубанычбек Шерматов, чет өлкөлөрдөн келген коноктор, басмаканалардын өкүлдөрү, маданият жана адабият чөйрөсүнүн ишмерлери, район-шаарлардын китепканаларынан келген адистер, мугалимдер, студенттер жана китеп сүйүүчүлөр катышты.
Анда Кубанычбек Шерматов облустук китепкананын 100 жылдык мааракеси жана Эл аралык китеп күнү менен куттуктап, китеп – коомдун руханий байлыгы экенин белгиледи. Ошондой эле ал китепканалардын ролу билим берүүдө, жаш муунду тарбиялоодо жана улуттук баалуулуктарды сактоодо өзгөчө мааниге ээ экенин кошумчалады.
Фестивалдын алкагында китеп көргөзмөлөрү, акын-жазуучулар менен жолугушуулар, адабий конкурстар, театрлаштырылган оюн-зооктор жана концерттик программалар уюштурулду.
Белгилей кетсек, фестиваль Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымпт жана жаштар саясаты министрлиги жана Мамлекеттик китеп палатасы тарабынан уюштурулган.