МАНАС ШААРЫНДА «ДЕМИЛГЕ» ЖАШТАР БОРБОРУ АЧЫЛДЫ
04.06.2026 18:00
17
Бүгүн Манас шаарында жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачкан «Демилге» жаштар борборунун расмий ачылыш аземи болуп өттү. Борбор жаштардын билим алуусуна, чыгармачылык дараметин өнүктүрүүсүнө, лидерлик сапаттарын калыптандыруусуна жана коомдук турмушка активдүү катышуусуна багытталган заманбап мейкиндик катары кызмат кылат.
Салтанаттуу иш-чарага Президенттин облустагы өкүлү Тилек Текебаев (онлайн форматта), Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар департаментинин директорунун орун басары Григорий Устинов, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева, Россия Федерациясынын Оштогу Башкы консулу Роман Свистин, ошондой эле студенттер, жаштар жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн калаа мэри жаңы борбордун ачылышы менен куттуктап, анын жаштар үчүн билимдин, жаңы идеялардын жана демилгелердин очогу болушуна тилектештигин билдирди. Ошондой эле бул борбор жаштардын экинчи үйүнө айланып, жаңы идеялардын, креативдүү долбоорлордун жана достуктун борбору болушуна тилектештигин кошумчалады.
Жаштар борбору заманбап талаптарга ылайык жабдылып, билим берүү курстарын, санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү программаларын, ишкердик боюнча тренингдерди, маданий жана коомдук иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкташтырылган.
Аталган жай Манас шаарынын мэриясынын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) жана Россия Федерациясынын колдоосунда ишке ашырылды. Долбоордун алкагында мэрия борбор үчүн имарат бөлүп берип, аны жабдуу жана эмерек менен камсыздоо максатында болжол менен 11 миң АКШ долларын бөлдү. Ал эми Россия Федерациясы тарабынан каржыланган инвестициянын көлөмү 122 623 АКШ долларын түзүп, бул каражаттар имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүүгө, заманбап жабдууларды жана керектүү эмеректерди сатып алууга жумшалды.