Манас шаарында баңгизаттын алдын алуу боюнча Улуттук форум өттү
11.02.2026 16:58
2
Манас шаарында баңгизаттын алдын алуу боюнча Улуттук форум өттү
Жаштарга багытталган бул маанилүү иш-чарага Манас шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов, шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык кеңештин депутаты Айзат Раматиллаева, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү, белгилүү спортчулар, блогерлер жана 400гө жакын студент катышты.
Форумдун негизги максаты — спорт, медиа жана социалдык демилгелер аркылуу жаштарды туура багытка жетелөө, алардын тарбиясын бекемдөө, оң көндүмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле билим алуу жана карьералык мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берүү болду.
Иш-чаранын алкагында Манас шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова жаштардын келечегин аныктоодо чөйрөнүн ролу өтө маанилүү экенин белгилеп, туура чөйрө гана ийгиликтүү келечекке жол ачарын билдирди.
Форумдун жүрүшүндө театралдык спектакль коюлуп, панелдик талкуулар уюштурулду.
Катышуучуларды кызыктырган актуалдуу суроолорго адистер тарабынан кеңири жооптор берилди.
Иш-чара суроо-жооп форматында уланып, жаштар өз ойлорун ачык билдирип, тиешелүү адистер менен түз баарлашууга мүмкүнчүлүк алышты.