МАНАС ШААРЫНДА БАЛДАРДЫ КОРГООНУН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
01.06.2026 09:20
5
МАНАС ШААРЫНДА БАЛДАРДЫ КОРГООНУН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнү Барпы атындагы театрдын алдындагы аянтта салтанаттуу белгиленди.
Майрамдык иш-чарага Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, Жогорку Кеңештин депутаты Венера Салямова, шаар тургундары, ата-энелер жана жаш өспүрүмдөр катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө калаа мэри Абдупата Маткаликов балдарды майрамы менен куттуктап, алардын бактылуу балалык чагын камсыз кылуу, сапаттуу билим жана татыктуу тарбия алуусу мамлекеттин жана жергиликтүү бийликтин негизги артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи. Ошондой эле ал бардык балдарга бекем ден соолук, жаркын келечек жана окууларында ийгиликтерди каалады.
Майрамдык программада балдар үчүн спорттук мелдештер, кызыктуу оюндар жана ар кандай сынактар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды. Мындан сырткары “Beeline” компаниясынын демөөрчүлүгү астында акысыз балмуздак таратылды. Ошондой эле, иш-чарада концерттик программа коюлуп, жаш таланттар тарабынан ыр-бийлер аткарылды.