МАНАС ШААРЫНДА БАЛА БАКЧА ЖЕТЕКЧИЛЕРИНЕ СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ

02.04.2026  16:36

6

МАНАС ШААРЫНДА БАЛА БАКЧА ЖЕТЕКЧИЛЕРИНЕ СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ

МАНАС ШААРЫНДА БАЛА БАКЧА ЖЕТЕКЧИЛЕРИНЕ СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ

2-апрель күнү Ж.Бакиев атындагы №3 орто мектебинде 12 жылдык окутуу программасынын алкагында мектепке чейинки билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөргө арналган семинар өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин билим берүү боюнча эксперттик комиссиясынын мүчөсү Назгүл Тунгатарова, Манас шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Байзаков, ошондой эле Манас шаарынан, Сузак, Базар-Коргон жана Өзгөн райондорунан келген бала бакчалардын жетекчилери жана тарбиячылар катышты.

Семинар Кыргыз Республикасынын жаңы мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде уюштурулуп, анда 12 жылдык билим берүү системасына өтүү шартында мектепке чейинки билим берүүнүн ролу, балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык өнүктүрүүчү билим берүү чөйрөсүн түзүү, мектепке даярдоонун заманбап ыкмалары жана инновациялык программалар жана тарбиячылардын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу маселелери боюнча кеңири маалымат берилди.