МАНАС ШААРЫНДА АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ
06.03.2026 17:22
9
8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата Манас шаарындагы облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында майрамдык иш-чара болуп өттү.
Майрамдык салтанатка Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Болотов, депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө шаар мэри Абдупата Маткаликов аялзатынын коомдогу орду өзгөчө экендигин белгилеп, алар билим берүү, саламаттык сактоо, мамлекеттик кызмат жана ишкердик тармактарында талыкпай эмгектенип, Манас шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошуп жатканын баса белгиледи. Ошондой эле иш-чаранын алкагында шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн бир катар мекеме-ишканалардын кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.
Майрамдык иш-чара концерттик программа менен коштолуп, шаардык жана облустук маданият кызматкерлери тарабынан келген конокторго жагымдуу маанай тартууланды.