МАНАС ШААРЫНДА 9-МАЙ — ЖЕҢИШ КҮНҮ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИ
09.05.2026 10:15
34
Бүгүн Манас шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, шаардык кеңештин төрагасы Аскат Талант уулу, Улуу Ата Мекендик согуштун концлагеринин туткуну Валентина Симоненко, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.
Майрамдык саамалык “Достук” паркында өтүп, анда Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов шаар тургундарын жана конокторун 9-май — Жеңиш күнү менен куттуктады.
Өз сөзүндө мэр согуш ардагерлери бүгүн арабызда болбосо да, алардын каармандыгы жана эрдиги эл эсинде түбөлүккө сакталарына токтолду.
Майрамдык программа А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын, Барпы атындагы облустук драма театрынын жана Манас шаардык маданият сарайынын чыгармачыл жамааттары тарабынан даярдалган сахналаштырылган көрүнүштөр жана концерттик номерлер менен коштолду.
Белгилей кетсек, Манас (Жалал-Абад) шаарынан Улуу Ата Мекендик согушка 10 миңден ашуун адам аттанып, алардын 5024ү мекенине кайтып келген.
Учурда шаарда концлагердин жалгыз туткуну жашайт.