МАНАС ШААРЫНДА 3-ДЕКАБРЬ – МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН АДАМДАРДЫ КОРГООНУН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
04.12.2025 09:37
2
МАНАС ШААРЫНДА 3-ДЕКАБРЬ – МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН АДАМДАРДЫ КОРГООНУН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
Манас шаарынын мэриясы шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы менен биргеликте 3-декабрь – Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коргоонун эл аралык күнүн белгиледи.
Иш-чарага Манас шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Манас шаардык депутаттар кеңешинин төрагасынын орун басары Каныбек Маманов баштаган депутаттар катышты.
Өз сөзүндө Гүлбарчын Таштанбекова Манас шаарынын мэриясы калктын аярлуу катмарына, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга өзгөчө көңүл буруп келерин белгилеп, акыркы жылдары алардын жашоо шартын жакшыртуу багытында бир катар иштер аткарылганын билдирди.
Белгилей кетсек, бул саамалык мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын көңүлүн көтөрүү максатында уюштурулуп, маданият сарайынын чыгармачыл жамаатынын концерттик программасы менен коштолду.