МАНАС ШААРЫНДА 200 БАЛА ҮЧҮН МАЙРАМДЫК

01.06.2026  14:30

8

МАНАС ШААРЫНДА 200 БАЛА ҮЧҮН МАЙРАМДЫК

МАНАС ШААРЫНДА 200 БАЛА ҮЧҮН МАЙРАМДЫК

ИШ-ЧАРА УЮШТУРУЛДУ

1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Манас шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 200 баласына майрамдык маанай тартууланды.

Иш-чара алгач Т.Байзаков атындагы эс алуу багында жайгашкан «Данек» балдар оюн-зоок борборунда уюштурулуп, балдарга акысыз оюн кызматтары көрсөтүлдү. Ошондой эле аларга суусундуктар жана ар кандай таттуулар таратылды.

Балдардын майрамын өткөрүүгө жергиликтүү демөөрчүлөр да «Байчечекей» жана «Келечек» фирмасы колдоо көрсөтүп, суусундук жана таттуу азыктарды тартуулады. Мындан тышкары, Galaxy Cinema тарабынан балдар үчүн акысыз кино көрсөтүүсү уюштурулуп, алардын көңүлдүү эс алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлдү.