МАНАС ШААРЫНА ЖАҢЫ ПРОКУРОР ДАЙЫНДАЛДЫ
11.12.2025 11:22
1
Манас шаарынын прокурору болуп Эркингуль Урдалетова дайындалды. Жаңы прокурорду шаар активине Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков жана Жалал-Абад облусунун прокурору Турусбек Ишеналиев тааныштырды.
Жыйында мэр жаңы жетекчиге ийгилик каалап, шаардагы коомдук коопсуздукту камсыздоодо жана мыйзамдуулукту чыңдоодо ачык, натыйжалуу иш алып барарына ишеним артты.
Эске салсак, буга чейин Манас шаарынын прокурору кызматын Рысбек Альчиев аркалап келген.