МАНАС ШААРЫНА КЫТАЙЛЫК ИНВЕСТОРЛОРДУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ
28.05.2026 10:35
4
МАНАС ШААРЫНА КЫТАЙЛЫК ИНВЕСТОРЛОРДУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ
Манас шаарына Кытай Эл Республикасынын курулуш, технология жана өнөр жай тармактарында иш алып барган компания өкүлдөрүнөн турган делегация келди. Делегацияны шаар мэринин биринчи орун басары Дамирбек Давлянов тосуп алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. Анда Манас шаары инвестиция тартууга жана чет элдик өнөктөштөр менен кызматташууга даяр экендиги белгиленди.
Ошондой эле шаар аймагында заманбап мейманканаларды, сейил бактарды жана бир катар өндүрүштүк ишканаларды куруу боюнча сунуштар айтылып, келечектеги биргелешкен долбоорлор тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.