МАНАС ШААРЫ ҮЧҮН ЭКИ ЖАҢЫ САНАРИП ТИРКЕМЕ ИШТЕЛИП ЧЫГУУДА
10.03.2026 18:23
11
Манас шаарында санариптик өнүгүүнү камсыздоо максатында IT адистер тарабынан эки жаңы тиркеме иштелип чыгууда.
Тиркемелердин долбоору менен Манас шаарынын мэринин биринчи орун басары Дамирбек Давлянов таанышып чыгып, бир катар сунуш-пикирлерин билдирди.
1. Manas City — тургундар шаардагы көйгөйлөр тууралуу билдирип, алардын чечилишине көз салып, өз сунуштарын бере ала турган санарип платформа.
2. Муниципалдык ижара системасы — ижара төлөмдөрүн, карыздарды жана пеняларды онлайн көрүп, төлөөгө мүмкүнчүлүк берген система.
Белгилей кетсек, бул демилге Манас шаарында санарип башкарууну өнүктүрүүгө жана кызматтарды ачык-айкын жүргүзүүгө багытталган.
Урматтуу шаар тургундары!
Жаңы тиркемеде дагы кандай мүмкүнчүлүктөр болушун каалайсыз?
Пикирлериңизди жана сунуштарыңызды комментарийге калтырыңыз.