МАНАС ШААРЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫКТЫ КЕҢЕЙТҮҮДӨ
06.04.2026 10:10
14
МАНАС ШААРЫ ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫКТЫ КЕҢЕЙТҮҮДӨ
Манас шаарынын мэринин биринчи орун басары Дамирбек Давлянов учурда расмий иш сапар менен Кытай Эл Республикасында. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев баштаган делегациянын курамында Пекин, Сиань жана Чанша шаарларында иш алып барууда.
Иш сапардын жүрүшүндө Манас шаарында таштандыны кайра иштетүү системасын өнүктүрүү, жол инфраструктурасын жакшыртуу жана башка маанилүү багыттар боюнча меморандумдарга кол коюлду. Бул макулдашуулар Манас шаары үчүн жемиштүү жана келечекке багытталган маанилүү кадам болуп эсептелет.
Мындан тышкары, Пекин шаарында өткөн жолугушууларда Манас шаарынын өнүгүүсүнө багытталган биргелешкен долбоорлор, инвестиция тартуу жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланып, конкреттүү багыттар аныкталды.