МАНАС ПАРКЫНЫН ТЕХНИКАЛЫК АЧЫЛЫШЫ ӨТТҮ

14.06.2026  10:30

2

МАНАС ПАРКЫНЫН ТЕХНИКАЛЫК АЧЫЛЫШЫ ӨТТҮ

МАНАС ПАРКЫНЫН ТЕХНИКАЛЫК АЧЫЛЫШЫ ӨТТҮ

Манас шаарында реконструкциядан өткөрүлүп, заман талабына ылайык жаңыланган «Манас» паркынын техникалык ачылышы болуп өттү.

Ачылыш аземинде шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында каттоодо турган үй-бүлөлөрдүн балдары жана «Ак-Жол» реабилитациялык борборунан жалпы 200 бала акысыз эс алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Иш-чарага Манас шаарынын мэринин орун басары Кубанычбек Шерматов, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси Манасбек Базылбеков, шаар тургундары, жаштар жана өспүрүмдөр катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө Кубанычбек Шерматов шаар аймагында ишке ашырылып жаткан мындай долбоорлор калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, ички жана тышкы туризмди өнүктүрүүгө, шаардык инфраструктураны жакшыртууга жана шаардын көркүн арттырууга өбөлгө болорун белгиледи. Ошондой эле жеке ишкерлер тарабынан ишке ашырылып жаткан демилгелер мамлекет тарабынан колдоого алынып жатканын айтып, бул багыттагы кызматташтык мындан ары да улана турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин Жеңиш эс алуу багындагы аттракциондор эскирип, коопсуздук жана техникалык талаптарга толук жооп бербей калгандыктан, аларды жаңылоо зарылдыгы жаралган. Натыйжада парк жеке ишкердин демилгеси менен толук реконструкцияланып, заманбап аттракциондор жана эс алуу аймактары менен жабдылып, «Манас» паркы деген аталышта кайрадан пайдаланууга берилди.