МАНАС ӨНҮГҮҮ ФОРУМУ: ИНВЕСТИЦИЯ ЖАНА ИШКЕРДИККЕ ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР
30.04.2026 15:30
37
Бүгүн Манас шаарында калаанын өнүгүүсүнө багытталган “Манас Өнүгүү Форуму” өтүүдө.
Форумга Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, шаардык кеңештин төрагасы Аскат Талант уулу, Жалал-Абад бизнес ассоциациясынын башкаруу кеңешинин төрагасы Жеңишбек Абдрахманов, ошондой эле ишкерлер жана ишкерликке кызыккан жарандар катышты.
Иш-чаранын ачылышында мэр сөз сүйлөп, Манас шаары инвестиция үчүн ачык экенин белгилеп, калаада ишкердик жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөр жана шарттар бар экенин билдирди.
Форум Манас шаарынын мэриясы жана Жалал-Абад Бизнес Ассоциациясы тарабынан уюштурулуп, анда ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган мүмкүнчүлүктөр, салык жана эмгек мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр, инвесторлор үчүн сунуштар, ошондой эле Кыргызстандагы компаниялардын франшизаларын таанытуу маселелери каралды.
Мындан тышкары, форумдун алкагында Манас шаарынын мэриясы инвесторлорго бир катар жер тилкелерин жана ар түрдүү объекттерди сунуштоодо. Бул сунуштар шаарга инвестиция тартууга жана жаңы долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.
Иш-чаранын алкагында Кыргызстандагы франшиза компанияларынын көргөзмөсү да уюштурулду.