МАНАС: ИШКЕРЛЕРГЕ МОРАТОРИЙ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

25.03.2026  16:46

8

МАНАС: ИШКЕРЛЕРГЕ МОРАТОРИЙ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Манас шаарында соода-сатык менен алектенген ишкерлерге Президенттин ишкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салуу тууралуу Жарлыгы боюнча маалымат берилди.

Манас шаарынын прокуратурасынын жана Манас шаарынын мэриясынын демилгеси менен КРнын Президентинин ишкердик субъектилеринин ишмердүүлүгүн колдоо жана стимулдаштыруу, экономиканын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу, инвестициялык климатты жакшыртуу, бизнестин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле мамлекеттик органдардын ишкердик субъектилеринин ишмердүүлүгүнө негизсиз кийлигишүүсүнө жол бербөө максатында ишкерлерге жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууга Манас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Нурбек Караев, шаардык прокуратуранын, шаардык салык кызматынын жана монополияга каршы жөнгө салуу органынын өкүлдөрү катышты.

Президент Садыр Жапаров тиешелүү Жарлыкка 2026-жылдын 14-мартында кол койгон. Бул чечим бизнес-чөйрөнү колдоо, инвестициялык климатты жакшыртуу жана ишкерлерге карата негизсиз административдик басымды азайтуу максатында кабыл алынган.

🖊️Манас шаарынын мэриясынын Маалымат борбору