«МАНАС» ГУМ АЧЫЛДЫ
17.12.2025 13:42
1
«МАНАС» ГУМ АЧЫЛДЫ
15-декабрь күнү, Манас шаарында 4 кабаттуу соода борбор пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Болотов, ишкерлер жана шаар тургундары катышты.
Калаа башчысы аталган имарат күндөн-күнгө жаңыланып, өнүгүүгө багыт алган Манас шаарынын көркүнө көрк кошуп, мындан тышкары 150гө жакын жаранды жумуш менен камсыздаганын белгилеп, соода борбордун ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады. Ошондой эле жергиликтүү бийлик ишкерлерди ар дайым колдоого даяр экендигин баса белгиледи.
Белгилей кетсек, аталган соода борбор Курманбек көчөсү менен Д. Малашев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.