МАНАС: “АЗАТТЫК” АЯНТЫНДА НООРУЗ МАЙРАМЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

21.03.2026  14:15

4

МАНАС: “АЗАТТЫК” АЯНТЫНДА НООРУЗ МАЙРАМЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

 Манас шаарынын борбордук “Азаттык” аянтында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди.

Майрамдык иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, шаардык кеңештин төрагасы Аскат Талант уулу, шаар тургундары жана коноктор катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов шаар тургундарын жана конокторун Нооруз майрамы менен куттуктап, бул күндүн маанисине токтолду.

“Нооруз — бул жөн гана майрам эмес, табияттын жаңылануусун, ата-бабалардан мурас болуп келген нарк-насилдерибизди жана ыйык салт-санаабызды даңазалаган өзгөчө күн. Бул күнү жер жанданып, айлана-чөйрө жаңыланып, ар бир адамга жаңы үмүт, жаңы дем тартуулайт. Кыштын катаалдыгы артта калып, жаздын жылуу илеби жүрөктөрдү жарыкка, жакшылыкка жетелейт.

Ар бир үйгө кут конуп, дасторкондор ырыс-берекеге толсун! Жыл бою кубаныч, ийгилик жана молчулук коштосун! Жаштарыбыз билимдүү, келечеги кең болуп, улуу муунга болгон урмат-сыйыбыз арта берсин!” — деди ал.

Майрамдык иш-чара концерттик программа, сахналаштырылган көрүнүштөр, жарманке жана спорттук оюндар менен коштолду.

Кошумчалай кетсек, бүгүн 18:00дө майрамга карата белгилүү эстрада жылдыздарынын коштоосунда гала-концерт өтөт. Баарыңыздарды күтөбүз!