МАНАС: АК-ТИЛЕК КОНУШУНДАГЫ КӨЙГӨЙЛӨР ЖЕРИНЕН КАРАЛДЫ
27.03.2026 18:35
11
МАНАС: АК-ТИЛЕК КОНУШУНДАГЫ КӨЙГӨЙЛӨР ЖЕРИНЕН КАРАЛДЫ
Манас шаарынын мэринин биринчи орун басары Дамирбек Давлянов, шаардык кеңештин төрагасы Аскат Талант уулу тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Көк-Арт аймактык башкармалыгына караган Ак-Тилек конушундагы көйгөйлөр менен жеринде таанышышты.
Анда Т.Мамашов көчөсүн кеңейтүү жана эскилиги жеткен электр мамычаларын алмаштыруу, Nº6 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна баруучу жолго таштаман басуу, пандус ортотуу, №16 Э.Арапбаев орто мектебинин эски имаратын бала бакчага берүү, жаңы бала бакча куруу, эскилиги жеткен ФАПтын имаратын жаңылоо сыяктуу маселелер айтылды.
Жолугушуунун жыйынтыгында Дамирбек Давлянов тургундардын кайрылууларын угуп, көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди. Ошондой эле, учурдагы жылдын бюджетине кирбей калган айрым долбоорлор кийинки жылдын бюджетине сунушталып, этап-этабы менен ишке ашырыла тургандыгы белгиленди.