МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КОРГОЛУУГА ЭМЕС, КОЛДОНУУГА МУКТАЖ" АТТУУ ЖЫЙЫН ӨТТҮ
19.02.2026 09:42
7
МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КОРГОЛУУГА ЭМЕС, КОЛДОНУУГА МУКТАЖ" АТТУУ ЖЫЙЫН ӨТТҮ 18-февралда Манас шаарынын мэриясында “Мамлекеттик тил корголууга эмес, колдонулууга муктаж” аттуу жыйын өткөрүлдү.
Иш-чарага Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Болотов, мамлекеттик тил боюнча адистер, мугалимдер жана студенттер катышты.
Жыйындын жүрүшүндө шаар мэри мамлекеттик тилди өнүктүрүү ар бир жарандын жана ар бир мекеменин негизги милдети экенин белгиледи. Ошондой эле шаар аймагында иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү, калкка кызмат көрсөтүүдө тил маданиятын жогорулатуу жана тилди күнүмдүк турмушта кеңири колдонуу башкы багыт болуп саналарын айтты.
Андан соң Манас шаарында мамлекеттик тил боюнча мыйзамдардын аткарылышы, тиешелүү токтомдордун ишке ашырылышы жана тилдин учурдагы абалы тууралуу баяндама жасалды.
Жыйын Мелис Мураталиевдин баяндамасы менен улантылып, мамлекеттик тилдин практикалык колдонулушунда муниципалдык кызматтардын орду жана бул багыттагы көйгөйлөр тууралуу кеңири сөз болду.
Иш-чаранын жыйынтыгында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иш-аракеттерди күчөтүү жана бардык мекемелерде аны колдонуу деңгээлин жогорулатуу боюнча бир катар сунуштар белгиленди.