МАЙЫПТЫГЫ БАР АДАМДАРДЫН ИШТЕРИ БОЮНЧА КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕНИН АЛГАЧКЫ ОТУРУМ ӨТТҮ

04.06.2026  16:20

12

МАЙЫПТЫГЫ БАР АДАМДАРДЫН ИШТЕРИ БОЮНЧА КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕНИН АЛГАЧКЫ ОТУРУМ ӨТТҮ

Манас шаарында Майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча Координациялык кеңешменин алгачкы отуруму өттү. Жыйын мэрдин биринчи орун басары Дамирбек Давляновдун төрагалыгы алдында өткөрүлдү.

Отурумдун жүрүшүндө майыптыгы бар жарандардын укуктарын коргоо, жумуш орундары менен камсыздоо, алардын коомдук жашоого толук кандуу катышуусуна шарт түзүү жана социалдык колдоону күчөтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле шаар аймагында майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүү чөйрөнү түзүүгө багытталган атайын Программаны иштеп чыгуу боюнча сунуштар каралды.

Жыйындын катышуучулары пандустардын талапка жооп бериши, тротуарлардын жана жөө адамдар өтүүчү жолдордун ыңгайлуулугу, коомдук транспорт аялдамаларындагы шарттар, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жеткиликтүүлүгү боюнча көйгөйлөрдү көтөрүштү.

📌Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мекеме-ишканалар менен биргеликте көйгөйлөрдү аныктап, аларды этап-этабы менен чечүү боюнча иш-чаралар планын даярдоо чечими кабыл алынды. Кеңеш мындан ары да майыптыгы бар жарандардын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган иштерди системалуу түрдө жүргүзүп, алардын жашоо сапатын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурат.