КЫРГЫЗ ТУР - 2026» МУЗЫКАЛЫК ДОЛБООРУ
02.06.2026 20:20
7
КЫРГЫЗ ТУР - 2026» МУЗЫКАЛЫК ДОЛБООРУ
ЖОГОРКУ ДЕҢГЭЭЛДЕ ӨТҮҮДӨ
Манас шаарында заманбап кыргыз музыкасынын эң ири долбоорлорунун бири болгон «КЫРГЫЗ ТУР - 2026» концерттик программасы жогорку деңгээлде өтүп жатат. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурулган иш-чара миңдеген күйөрмандарды чогултуп, шаар тургундарына жана конокторуна майрамдык маанай тартуулоодо.
«КЫРГЫЗ ТУР - 2026» долбоору өлкөнүн бардык аймактарындагы жаштарды бириктирип, заманбап кыргыз музыкасын жайылтууну, чыгармачыл жаштарды колдоону жана маданий чөйрөнү өнүктүрүүнү максат кылат. Концерттин жүрүшүндө белгилүү ырчылар жана аткаруучулар сахнага чыгып, өздөрүнүн популярдуу чыгармаларын аткарышты.
Иш-чарага облус башчысы Тилек Текебаев жана Манас шаарынын мэринин орун басары Кубаныбек Шерматов катышты. Анда жаштарды куттуктап, мындай маданий иш-чаралар жаш муундардын руханий дүйнөсүн байытып, таланттарды колдоого өбөлгө түзөрүн белгилешти.