“КООПСУЗ ЖАНА ТАЗА ТАЙМАШ КАМСЫЗДАЛДЫ” - МЭР БОКС БОЮНЧА КАЛЫСТАРГА ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРДИ

11.12.2025  11:27

9

“КООПСУЗ ЖАНА ТАЗА ТАЙМАШ КАМСЫЗДАЛДЫ” - МЭР БОКС БОЮНЧА КАЛЫСТАРГА ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРДИ

“КООПСУЗ ЖАНА ТАЗА ТАЙМАШ КАМСЫЗДАЛДЫ” - МЭР БОКС БОЮНЧА КАЛЫСТАРГА ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРДИ

🔶️ Манас шаарында өтүп жаткан бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталуу алдында турат. Калаа мэри Эрнисбек Ормоков чемпионаттын акыркы күнүндө калыстар тобуна, дарыгерлерге жана уюштуруучуларга мэриянын ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Мэр өз сөзүндө бул ири мелдеш Манас шаарында жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп, таймаштар адилет калыстык менен жүргүзүлгөнүнө ыраазычылык билдирди.

“Чемпионат калыс чечимдер менен, тартиптин сакталышы менен жана эң негизгиси — жаракатсыз өттү. Бул — калыстар тобунун, дарыгерлердин жана уюштуруучулардын эмгегинин натыйжасы. Силердин кесипкөйлүгүңөр спортчуларга коопсуз жана таза таймаштарды камсыздай алды. Манас шаары мындай ири мелдештерди мындан ары да кубануу менен кабыл алып, жогорку деңгээлде өткөрүүгө даяр,” — деди шаар мэри Эрнисбек Ормоков.

📌 Белгилей кетсек, 5-декабрда башталган чемпионатта өлкөнүн бардык аймактарынан 150дөй мушкер күч сынашууда. Бокс боюнча өлкө чемпионаты Манаста алгачкы жолу өткөрүлүүдө.