ИЮНЬ ОКУЯСЫНЫН 16 ЖЫЛДЫГЫ ЭСКЕРИЛДИ
12.06.2026 14:00
10
Бүгүн, 12-июнда Сузак районунун Топурак-Бел ашуусундагы Сампа аймагында жайгашкан "Энелердин көз жашы" эстелигине гүл коюлуп, 2010-жылдагы каргашада курман болгондор эскерилди.
Иш-чарага Манас шаарынын мэринин орун басары Кубанычбек Шерматов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, окуядан жарбыр тарткандар жана курман болгон жарандардын жакындары катышты.
Эске салсак, 2010-жылдын июнь айындагы каргашалуу окуяда Жалал-Абад облусунан жалпы 592 адам жаракат алып, 82 жаран каза болгон. Ал эми 4 адам дайынсыз жоголгон.