ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРДЫ САЛТАНАТТУУ ТОСУП АЛЫШТЫ

02.12.2025  09:59

3

ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРДЫ САЛТАНАТТУУ ТОСУП АЛЫШТЫ

ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАРДЫ САЛТАНАТТУУ ТОСУП АЛЫШТЫ

🔶️ Абу-Даби шаарында өткөн кикбоксинг боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынган спортчулар мекенге кайтты. Бүгүн 1-декабрда аларды Жалал-Абад аэропортунда салтанаттуу тосуп алуу аземи өттү.

Иш-чарага Манас шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Каныбек Маманов, спортчулар, машыктыруучулар жана чемпиондордун жакындары катышты.

Гүлбарчын Таштанбекова спортчулардын бул жемиштүү ийгилиги менен куттуктап, кыргыз желегин мындан ары да бийиктерде желбиретип жүрө беришине тилектештигин билдирди. Ал эми спорт тармагын колдоо жергиликтүү бийликтин көңүл борборунда экендигин кошумчалады.

📌 Эскерте кетсек, 2025-жылдын 21-30-ноябрь күндөрү Араб Эмиратынын Абу-Даби шаарында кикбоксинг боюнча дүйнө чемпионаты өттү. Ага 80ден ашык мамлекеттен спортчулар катышкан. Анда Манас шаарынын балдар, өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучусу Хожиакбар Камбаров 1-орунду багындырды.

📌 Ал эми 94 кг салмакта таймашкан Тахир Марасулов да төрт мамлекеттен келген спортчуларды жеңип, ардагерлер арасында дүйнө чемпиону аталды.