ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ

02.12.2025  16:34

3

ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ

ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН СПОРТЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ

🔶️ Бүгүн, 2-декабрда Манас шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Каныбек Маманов эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды алган спортчуларды куттуктап, сыйлыктарды тапшырды.

📌 Казакстандын Алматы шаарында өткөн тогуз коргоол боюнча Дүйнө чемпионатында Манас шаарынын балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучулары тарыхый ийгилик жаратышты. Алгачкы жолу Кыргызстандын тарыхында кыз-келиндер жана жаштар арасында дүйнөлүк деңгээлде алдыңкы орундар багындырылды.

— Абдымомунова Үпөл – кыз-келиндер жана жаштар арасында 1-орун

— Садыкова Акмарал – 3-орун

— Замиров Нурболот – 3-орун

📌 Ошондой эле Манас шаардык №1 спорт мектебинин спортчусу Камбаров Хожиакбар Абу-Дабиде өткөн кикбокс боюнча Дүйнө чемпионатында 1-орунду утуп, өлкөбүздүн желегин желбиретти.

📌 Бириккен Араб Эмирлигинин Фуджейра шаарында өткөн чоңдор арасындагы Белбоо күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында да Манас шаарынан барган балбандар ийгилик жаратышты:

— Шайбекова Мырзайым (66 кг) - 3-орун

— Шамшиев Абубакир (75 кг, классикалык стиль) – 3-орун

📌 Кубанычбек Иманалиев спортчулардын бул жетишкендиктери Манас шаарынын эле эмес, бүтүндөй өлкөнүн сыймыгы экенин белгилеп, аларга жана машыктыруучуларына ийгиликтерди каалады.