ГАРНИЗОНДУК САПТЫК КАРОО ӨТКӨРҮЛДҮ

19.03.2026  18:25

7

ГАРНИЗОНДУК САПТЫК КАРОО ӨТКӨРҮЛДҮ

19-мартта Манас шаарынын “Азаттык” аянтында Орозо айт жана Нооруз майрамдарына карата милициянын гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урмат Самаев, Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Марлис Асанов баштаган күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Саптык кароонун жүрүшүндө майрам күндөрүндө коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо жана жарандардын бейпилдигин коргоо маселелерине өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы белгиленди.