ЭРТЕ НИКЕГЕ ТУРУУНУН КЕСЕПЕТТЕРИ ЖАНА ЖУГУШТУУ ООРУЛАР БОЮНЧА ОКУУЧУЛАРГА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛҮП ЖАТАТ
27.11.2025 13:38
5
ЭРТЕ НИКЕГЕ ТУРУУНУН КЕСЕПЕТТЕРИ ЖАНА ЖУГУШТУУ ООРУЛАР БОЮНЧА ОКУУЧУЛАРГА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛҮП ЖАТАТ
Манас шаарында мектеп окуучуларынын, колледж жана лицей студенттеринин арасында эрте никеге туруу, эрте төрөө жана ВИЧ/СПИД сыяктуу жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында жолугушуулар өткөрүлүп жатат. Жолугушууларга Манас шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү секторунун жетектөөчү адиси Бегимай Тойгонбаева, Манас шаардык ИИБнын, Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармылыгынын кызматкерлери катышып, өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Жолугушууда окуучуларга жана студенттерге эрте турмуш курууну терс кесепеттери жана кылмыш жасагандарга берилүүчү жазалар туурасында маалыматтар берилүүдө.