ЭЛ АРАЛЫК МУЗЕЙ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
15.05.2026 16:35
8
Бүгүн Манас шаарынын мэриясынын тарыхый музейинде 18-май — Эл аралык музей күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү.
Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө музейдин тарыхы, анын шаар маданиятын өнүктүрүүдөгү жана тарыхый мурастарды сактап калуудагы орду тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле келген коноктор музейдеги тарыхый экспонаттар менен таанышып, улуттук баалуулуктарды жана элибиздин тарыхын чагылдырган көргөзмөлөргө күбө болушту.
Иш-чарага Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов катышып, музейлер элдин тарыхын, маданиятын жана руханий мурастарын кийинки муундарга жеткирүүдө өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи. Ошондой эле шаар башчысы музей кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын тарыхый баалуулуктарды сактоо багытындагы эмгегине ийгиликтерди каалады.
Майрамдык иш-чаранын алкагында музей кызматкерлерине ыраазычылык билдирилип, коноктор үчүн экскурсия уюштурулду.