Эгемова Миргуль Абдыкеримовна Манас шаарынын мэринин курулуш тармагы боюнча орун басары болуп дайындалды.

26.02.2026  15:00

4

Эгемова Миргуль Абдыкеримовна Манас шаарынын мэринин курулуш тармагы боюнча орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка мэр Абдупата Маткаликов кол коюп, бүгүн эмгек жамаатына тааныштырды. Эгемова Миргуль Абдыкеримовна

1986-жылдын 13-декабрында Аксы районунун Үч-Коргон айылында төрөлгөн.

Билими жогорку.

2008-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетин аяктаган. Адистиги — информатика жана эсептөө техникасы. 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясын аяктаган. Адистиги — мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу.

Эмгек жолу:

▪️ 14.11.2008 — Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Жашылдандыруу чарбасында жумушчу;

▪️01.06.2009 — Жалал-Абад шаардык мэриясынын Курулуш, транспорт жана коммуникация секторунда жетектөөчү адис;

▪️23.05.2011 — ошол эле сектордо сектор башчынын милдетин аткаруучу;

▪️25.08.2011 — Курулуш, транспорт жана коммуникация секторунун башчысы;

▪️14.08.2013 — Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Курулуш, транспорт жана коммуникация секторунда башкы адис;

▪️16.03.2023 – 2026-ж. — Жалал-Абад шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы " Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын чегин, түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, Манас шаарынын мэриясында дагы бир мэрдин орун басары штаттык бирдиги каралып, кошумча 5 штаттык бирдик берилген. Анын чегинде курулуш тармагын тейлеген мэрдин орун басары жана курулуш сектору түзүлгөн.