ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

23.03.2026  14:15

5

ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

23-март күнү, Б. Алыкулов атындагы Кыргыз драма театрында дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, шаардык кеңештин депутаты Каныбек Маманов, шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Таласбек Нуралиев, ошондой эле машыктыруучулар жана спортчулар катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө шаар мэри катышуучуларды кесиптик майрамы менен куттуктап, спорт тармагы мамлекеттин аброюн көтөрүүдө өзгөчө мааниге ээ экендигин айтты. Өз сөзүндө ал спортчулардын жетишкендиктери өлкөнүн эл аралык аренадагы кадыр-баркын арттырып, Кыргызстандын туусун бийик көтөрүп келерин баса белгиледи.

Ошондой эле спорт тармагында үзүрлүү эмгектенип, жогорку көрсөткүчтөрдү камсыз кылган бир катар спортчуларга жана машыктыруучуларга акчалай сертификаттар тапшырылды.

2025-жылдын жыйынтыгы менен Манас шаарынан 30 спортчу жана 20 машыктыруучу сыйланды. Алардын ичинен 50 спортчу Азия чемпионаттарына, 5 спортчу дүйнөлүк чемпионаттарга катышкан. Натыйжада Азия жана дүйнө деңгээлиндеги мелдештерде жалпысынан 37 байгелүү орун камсыздалып, анын ичинде 5 алтын, 10 күмүш жана 22 коло медаль жеңип алынган.

2025-жылы ийгилик жараткан спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын колдоо максатында шаардык бюджеттен 4 млн 44 миң сом каражат бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин кесиптик майрамы жыл сайын 6-апрелде белгиленип келет.