ДАЧА АЙМАГЫНДА ТУРГУНДАРДЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮ ЖЕРИНЕН КАРАЛДЫ

20.04.2026  15:35

11

ДАЧА АЙМАГЫНДА ТУРГУНДАРДЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮ ЖЕРИНЕН КАРАЛДЫ

ДАЧА АЙМАГЫНДА ТУРГУНДАРДЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮ ЖЕРИНЕН КАРАЛДЫ

Манас шаарынын мэринин биринчи орун басары Дамирбек Давлянов жана шаардык кеңештин төрагасы Аскат Талант уулу баштаган эл өкүлдөрү Курманбек аймактык башкармалыгына караштуу Дача аймагындагы тургундар менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн угушту.

🔹 Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар аймакта иш жүргүзүп жаткан карьер коопсуздук эрежелерин сактабай жатканын билдиришти. Алардын айтымында, бул жагдай жергиликтүү жашоочулардын, айрыкча балдардын коопсуздугуна коркунуч жаратууда.

🔹 Мындан тышкары, аталган аймакта мурда сибирь жарасы катталган мал көмүлгөн жайдын бузулуп калганы да тургундардын тынчсыздануусун күчөтүүдө. Бул өз кезегинде инфекциянын жайылып кетүү коркунучун жаратышы мүмкүн экени белгиленди.

🔹 Ошондой эле тургундар суу түтүктөрүнүн эскирип калганын айтып, аларды жаңылоо зарылдыгын көтөрүштү.

📌Жергиликтүү элдин көйгөйлөрүн жеринен уккан тиешелүү жетекчилер коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди. Ошондой эле суу түтүктөрүн жаңылоо маселеси жакынкы күндөрү чечиле турганын билдиришти.