ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВ ЖАНА КУРМАНБЕК АЙМАКТЫК БАШКАРМАЛЫГЫНДА ТУРГУНДАР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

17.03.2026  17:35

20

ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВ ЖАНА КУРМАНБЕК АЙМАКТЫК БАШКАРМАЛЫГЫНДА ТУРГУНДАР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Манас шаарынын мэринин биринчи орун басары Дамирбек Давлянов, шаардык кеңештин төрагасы Аскат Талант уулу, шаардык кеңештин депутаттары жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Чынгыз Айтматов жана Курманбек аймактык башкармалыктарында жергиликтүү тургундар менен жеринде жолугушуу өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө тургундар өздөрүн түйшөлткөн социалдык жана инфраструктуралык маселелерди көтөрүштү. Чынгыз Айтматов аймактык башкармалыгынын аймагындагы №17 орто мектеп авариялык абалда. Анда 800дөн ашуун окуучу билим алат. Окучуулардын коопсуздугун камсыздоо үчүн тез арада жаңы мектеп куруу зарылдыгы турат.

Мындан тышкары, Телек 2, 3, 5 көчөлөрүн кеңейтүү, ички жолдорго шагал төгүү, ошондой эле Былык Баймурзаев көчөсүндө сел сууларынын турак жайларды каптоо коркунучу бар экендиги көтөрүлдү. Бул маселени чечүү үчүн сел арыктарынын нугун өзгөртүү жана инженердик коргоо чараларын көрүү зарылдыгы айтылды.

Ал эми Курманбек аймактык башкармалыгында элди таза суу менен камсыздоо, жол куруу жана оңдоо, арык-канал системаларын жакшыртуу, ошондой эле маршруттук коомдук транспорт каттамдарын уюштуруу маселелери негизги көйгөйлөр катары белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Дамирбек Давлянов тургундардын кайрылууларын угуп, көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү кызматтарга конкреттүү тапшырмаларды берди. Ошондой эле, учурдагы жылдын бюджетине кирбей калган айрым долбоорлор кийинки жылдын бюджетине сунушталып, этап-этабы менен ишке ашырыла турганын билдирди.

Жыйындын соңунда шаар жетекчилиги тургундардын көйгөйлөрүн чечүү аткаруу бийлигинин негизги милдеттеринин бири экендигин белгилеп, мындай көчмө жолугушуулар мындан ары да үзгүлтүксүз өткөрүлөрүн маалымдады.