ЧЕРНОБЫЛЬ АПААТЫНЫН КУРМАНДЫКТАРЫ ЭСКЕРИЛДИ

24.04.2026  13:35

20

ЧЕРНОБЫЛЬ АПААТЫНЫН КУРМАНДЫКТАРЫ ЭСКЕРИЛДИ

Бүгүн Манас шаарынын мэриясында Чернобыль апаатынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өттү.

Иш-чарага Президенттин облустагы өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев, Манас шаарынын мэринин орун басары Кубанычбек Шерматов, шаардык Аксакалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев, Чернобыль апаатынын катышуучулары, каза болгондордун жакындары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Эскерүү иш-чарасынын жүрүшүндө Чернобыль апаатынын курмандыктарына арналып куран окулуп, алардын жаркын элеси эскерилди.

Манас шаарынын мэринин орун басары Кубанычбек Шерматов сөз сүйлөп, Чернобыль апаатынын кесепеттерин жоюуга катышкан жарандардын эрдиги эч качан унутулбай турганын белгиледи. Ал ошондой эле каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аман калган катышуучуларга бекем ден соолук жана узун өмүр каалады.

Белгилей кетсек, 1986-жылы Украинадагы Чернобыль атомдук электр станциясында болгон жарылуунун кесепеттерин жоюуга Манас (Жалал-Абад) шаарынан 120 жаран катышкан. Учурда алардын 17си гана шаарда жашап жатат.